Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси 14-декабрь күнү саат 13:00 чамасында Аламүдүн-1 кичи районунун аймагында табылган.
"Окуя болгон жерге Свердлов РИИБинин ыкчам-тергөө тобу барып, кароо жүргүзүшкөн. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, ымыркайдын апасы изделүүдө", - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.
Буга чейин жергиликтүү айрым жалпыга маалымдоо каражаттары ымыркай 9 айлык экенин жана анын муунтулуп өлтүрүлгөнүн жазып чыгышкан болчу.