Кыргыз өлкөсүндө эң көп сүт өндүргөн аймак Чүй облусу болуп саналат. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Чүй облусу сүт өндүрүүгө ыңгайлуу аймак. Асыл тукум малдардын алып келиниши көбүрөөк, саны да көп, сүт өндүрүүдө бул аймак өлкөдөгү алдынкы сапта турат. Ал эми Баткен облусу бул тармак боюнча артта калууда. Быйыл Ысык-Көл облусунда сүт өндүрүүгө көңүл бурулууда. Бул долбоор боюнча Ысык-Көл облусуна 5 миллион доллар берилүүдө. Кийинки этапта калган 20 миллион доллар бөлүнөт. Ал каражат өлкөнүн башка аймактарына берилет", - деди Мурашев.
Аталган министрликтин маалыматы боюнча, жалпы сүт азыктарын өндүргөн 39 ишкана продукцияны коңшу Казакстанга жана Орусияга экспорттойт. Учурда экспортко чыгууга ниеттенген сүт азыктарын өндүргөн дагы 24 ишкана кезекте турат.