Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде Ысык-Көл облусуна сүт тармагын жакшыртууга бериле турган 5 миллион доллар грант боюнча маселе каралды.
Маалыматка ылайык, бул эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан берилет. Жыйында "Кыргызстан" фракциясынан депутат Таалайбек Масабиров экспорттолуп жана импорттолуп жаткан сүт азыктарынын көлөмүнүн статистикасына кызыкты.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев бул боюнча маалыматы жоктугун айтып, орун басары жооп бере турганын билдирди.
Министрдин орун басары Эркинбек Чодуевдин айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө 1,5 миллион тонна сүт өндүрүлөт. "Анын 40 пайызы кайра иштетилет. Ошондой эле Казакстанга экспорттолот. Ал эми Орусияга реестр менен гана уруксат берилет. Учурда реестрге 18 эле ишкана кирген. Алар сүт азыктарын экспорттоп жатышат", - деди министрдин орун басары.
Масабиров министрдин орун басары сырттан импорттолуп жаткан сүт азыктарынын көлөмүн айта албаганын айтты. "Сиз менин суроомо жооп берген жоксуз. Ушул боюнча статистиканы алып койсоңуздар жакшы болмок", - деди.