Бишкекте Кытайдан алынып келген 15 тонна аткезчилик жүк кармалды. Унаа ичинде өрдөктүн төш эти болгон

Мамлекеттик бажы кызматынын "Түндүк" ыкчам кызматкерлери ири көлөмдөгү аткезчилик жүктү кармашты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 18-декабрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, М.Н. аттуу айдоочунун башкаруусундагы Вольво үлгүсүндөгү машина токтотулуп, текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө автоунаанын ичинен Кытайдан чыккан өрдөктүн төш эттери табылган. Айдоочу жүк аныкы эмес экенин айтып, тиешелүү эч кандай документ көрсөтө алган эмес. Унаада жалпысынан 15 тонна жүк болгон. Анын баасы 2 миллион 376 миң сомду түзгөн.

Учурда 15 тонна аткезчилик жүк атайын жайга киргизилип, ээси аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
kansulu
2017-12-18 12:46:00
Бул да бир чондуку болсо керек
+4
Ermekbai
2017-12-18 12:50:24
Чек арадан кандай өттү документи болбосо. Сат сат сат саааат болуп ыйманын сатып акчага. Чек арачылар элди ойлобой акчасын алып өткөрүп жибергенго.
+3
Rifle_I
2017-12-18 13:00:41
Өрдөктүкү эмес болсо керек .
0
tular
2017-12-18 13:39:56
зато арзан болбок, таможенная пошлина алынган эмесда...
0
Ermekbai
2017-12-18 13:48:18
tular,Арзан деп эле ар нерсени жейберсек эмне болобуз. Чек арадан текшерип өткөрүшсө.
+5
nurhan2702
2017-12-18 14:08:00
Аткезчилик деген созду кандай тушунсо болот
-1
maks94.kb
2017-12-18 14:09:47
nurhan2702,контрабанда деп түшүнө бер
+2
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-18 18:00:00
nurhan2702, ат менен алып отконбу аттарга жуктоп
-1
Isco23
2017-12-18 18:24:39
Bolunbo.kyrgyz,ошондо сен контрабанда дегенди бандалар алвп откон деп ойлойсунбу?
+1
nazgul90
2017-12-18 14:16:57
Кыргызстан дын озунон чыгатко ушул эт сут азыктар . Кытайдан алып келинген эшек иттин этин жеп жаткыла. Гранитцадан кандай отту акча берип койушса кыргыздар сатылатко. Закон жок намыс жоок куйуп еле кетесин да !!
+3
kechirmeni
2017-12-18 14:20:19
Просто долясын бербей койгон да ошого кармады болбосо буга окшогон канча жук келет баары эле отуп атпайбы. Бир чондуку болсо го чыгып кетет го дечи бир зв же жашылынан таштап
+3
raykray
2017-12-18 14:35:00
Ээси аныкталары мн сатыкка чыгат, тамагыныздар даамдуу болсун, аны атайын жайда сактап эмне кылат! Орустардай болуп бизда королучу тонналап мвсорго токконун!!! Админ очурбочу!!!
+3
warrior96
2017-12-18 16:07:03
Долясын бербей койгонго болбосо мындай жуктун далайы келген Кыргызстанга.
0
ayzirek91
2017-12-18 17:58:07
Ордоктуку экенине ишене албай турам бул жиндилер келемиштин этин союп малдыкы же башканыкы деп алдап откорушуп ататкен башка олколорго интернеттен корсонор
0
bekhaliev
2017-12-18 21:58:21
Грудинка утинный кымбат болтат, тажик чегарасынан коп отот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан