Бишкекте Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерин сүзгөн айдоочу буга чейин жол эрежесин 11 жолу одоно бузган

Бишкекте Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерин сүзгөн айдоочу буга чейин жол эрежесин 11 жолу одоно бузган. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Кармалган айдоочу жол эрежесин 11 жолу одоно бузуп, унаасы айып жайга киргизилген. Ал Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде юриспруденция багыты боюнча экинчи курста окуйт. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат аталган башкармалыктын маалыматында.

Айта кетсек, окуя 17-декабрь күнү саат 15:00 чамасында Бишкек шаарынын Масалиев көчөсүнөн Түштүк дарбазасына кире бериш жерде болгон. Анда 1998-жылы туулган И.А. Лексус LX-470 үлгүсүндөгү унаасы менен Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кенже тескөөчүсү, милициянын кенже сержантын сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кийин ал милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
gute
2017-12-18 13:40:02
Дагы бир Бок курсак депутаттын баласыда
+11
Jelezo
2017-12-18 13:46:09
Жээнбековдун жээни
+5
Ermekbai
2017-12-18 13:46:19
Гаи жолдун ортосунда не кылып жүрүптүр.
-13
Azatbek83
2017-12-18 14:25:45
Ermekbai,ушуга окшогон акмактарды карайт алардын иши ушундай!
+6
dosym
2017-12-18 14:00:28
Ушундай болот, нормально жүрбөсөңөр
-9
atanazarov10
2017-12-18 14:07:23
Камаш керек кеминде 2 жыл. Коррупционнердин баласы да, 1998жылкы бала покту акча табат. Кочого чыгарып койсун да,ошол баласын 10кундо бомж болуп калат.
+8
Arlenchik
2017-12-18 14:09:53
ГАИни табалаганынарды койгула, алар болбосо вообще болбойт, он бир жолу одоно жол эрежесин бузса эчак эле айдоочулук укуктан ажыратып салыш керек болчу, жен ичинен берип алып чыгып кетчуда, эми деле кеч эмес бул жолкусунда оор жазага тартып айдоочулук укуктан ажыратып салгыла мындай жол эрежесин одоно бузган акмакты!
+6
kechirmeni
2017-12-18 14:10:29
Ата эненин шору, нормальный крышасы болбосо же нормально таштабаса статаьяларды иле берет эми. Айдоочу да абайлаш керек эле (табаа эмес тооба кылдым)
0
Azatbek83
2017-12-18 14:24:16
Стрелайт надо!!!
0
tram-lam
2017-12-20 13:36:25
Azatbek83,Кыргызстанда адам калбай калат го баарын стрелаЙт эте берсе
0
Girl1996
2017-12-18 14:32:27
ushuga strelat etse, oor kylmyshtarga kandai?
0
Dalil
2017-12-18 15:27:48
Мына биздин келечектеги сот. Ушуга окшогон юристтер сот болуп жатышат. Мыйзам чегинде иштеймин дегендер жумуш жок жүрүшөт. Жолтандабасты тээп көпкөндөрдөн экен катуу чара колдонушун талап кылабыз. Дагы бир күн бирөөнүн өлүмүнө себепкер боло электе.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан