Өлкөдө бир жума ичинде жол эрежесин бузуу боюнча 16 миңден ашык протокол түзүлүп, 655 унаа айып жайга киргизилген

Өлкө аймагында бир апта ичинде жол эрежесин бузган айдоочуларга 16 миң 570 административдик протокол толтурулду. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Өткөн жума ичинде өлкөдө жол эрежелерин бузуу боюнча 16 570 административдик протокол түзүлгөн.

- Мас абалында унаа башкаруу - 253;

- Документсиз унаа башкаруу - 281;

- Мамлекеттик номери жок унаа башкаруу - 30;

- Унааны жогорку ылдамдыкта айдоо - 482;

- Коопсуздук курун тагынбоо - 4 147;

- Унаанын айнегин караңгылатуу - 50;

- Жол белгилериндеги талаптарды бузуу - 3 212;

- Унаа башкарып бара жатып уюлдук телефон менен сүйлөшүү - 3 098.

Ар түрдүү жол эрежесин бузуу боюнча 5 017 административдик протокол түзүлгөн. Ал эми жалпысынан 655 унаа атайын айып жайга коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azatbek83
2017-12-18 14:53:41
Министр МВД алмашып опыты бар билимдууусу келсе бираз акырындап жылыш болмок.Кээчке атын озгортконунон пайда чыкпайт министрине кошуп жетекчилерин алмаштырсын!!!
+1
tular
2017-12-18 17:34:10
Ошондо айып пулдан бюджетке канча акча тушту? Супер инфо ушуну да тактап койсануз жакшы болмок...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан