Ноокат районунда жол кырсыгы катталып 5 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 17-декабрь күнү саат 22:30 чамасында Ош-Ноокат жолунун 43-чакырымында болгон. Анда Жигули үлгүсүндөгү машинасы катуу келип, КамАЗдын артына кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен Жигули унаасынын ичиндеги 5 адам ар кандай жаракат алып Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилген. Жол кырсыгы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.