Чүйдө өмүр бою эркинен ажыратылгандардын абагында жаңы бөлүм ачылды. Анда китеп окуп, күндү көрүүгө мүмкүнчүлүк берилет

Бүгүн, 18-декабрь күнү Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн абакта жаңы бөлүм ачылды. Иш-чаранын жүрүшүндө Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров №19-түзөтүү мекемесиндеги жаңы бөлүм эл аралык уюмдардын колдоосу менен салынган.

"№19-түзөтүү мекемесиндеги бул бөлүм эл аралык уюмдар тарабынан каржыланды. Курулуш 6 айга созулуп жаза аткаруучулар үчүн бардык шарттар каралган. Бул бөлүм өмүр бою эркинен ажыратылган, абактын мыйзамдарын так аткарып 20 жылдан ашуун түрмөдө отургандар үчүн салынды. Мунун баары өмүр бою жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын жазасын жеңилдетүү иретинде эмес, аларга мүмкүнчүлүк берүү үчүн адам катары алар да билим алып, жеке жашоосунда бир аз өзгөрүүлөргө, жакшы сапаттарга ээ болуу максатында каралган иш", - деп билдирди Жапаров.

Жалпысынан Кыргыз өлкөсүндө өмүр бою эркинен ажыратылгандардын саны 300 адамды түзөт. Ошолордун ичинде абак мыйзамдарын так аткарган 3-4 адамга жеңил жаза берилиши мүмкүн.

Өлкөдө өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн абак курулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
dasta
2017-12-18 18:04:44
соттоп камап отурбай олум жазасын киргизиш керек.Аларга тамак берип аларды караган аскерлерге маяна бербей атып салыш керек ошондо кылмыштуулук азайат
+7
Holboeva92
2017-12-18 18:39:45
dasta,алардын ичинде куноосу жок соттолуп кеткендери да барда.
+7
Syn4y
2017-12-18 18:53:57
Андан көрө киткат чыгарган жерге өткөрүп койгула да зектерди
0
PeRa
2017-12-18 19:57:27
Атыш керек, мындай-тигидей дебей, тобоо кылалы. Эртен озубуздун башыбызга ушул мушкул кундор келип калышы мумкун.
+3
farida.kg.1991
2017-12-18 20:18:10
Омур бою кызматкерлер алмашатта омур бою дегенге тан калып турам омур бутбойт жашоо улана берет андан коро омур бою уктатуучу укол сайып жанын алса ошо жакшыго деп ойлойм болбосо бекер багып не кереги бар.
+2
barakcha
2017-12-18 20:31:38
Э Аллах,тообо кылдым.Бир нерсе дешке оозун барбайт...Эртенки кунубуздун кандай жака озгоруп кетээрин билбейбиз.Кудайым озун ичибизге ыйман бер.
+1
Jumahmatov
2017-12-18 21:37:14
Жаны-жердеги зонаны караган аскерлер жанындагы айылдын ичинде эле аралашып журушот алар кантип кызмат отоп жатышканына тан каласын а баса зонага барган жолду до конца асфальттап койушса болмок жарымына жеткирип таштап койбой.
0
Azatbek83
2017-12-19 00:22:16
Jumahmatov, закон бойунча ошондой кылат дуйно жузундо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан