Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 18-декабрдагы жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов Улуттук энергохолдингдин башкармалыгында энергетика тармагына тиешеси жок адамдар бар экенин айтып сынга алды.
"Энергетика тармагы бул бюджетке киреше бере турган тармак болушу керек эле. Бул эмнеден кабар берет? Бул бизде энергетика тармагында иштеген күчтүү кадрлар жок дегенди түшүндүрөт. Биз айлабыз кетип Энергетика министрлигин түзөбүз, Энергетика комитетин түзөбүз, азыр Энергохолдингди түздүк. Ал жерге ошол эле тармакта жүргөн адамдарды алып келип койдук", - деди депутат.
"Өткөндө бюджетти кабыл алып жатканда өкмөт башчы "Калиев келгенден бери 600 адамды жумуштан кыскартты" деп айтып жатат. Мындан сумма өзгөрдүбү? Бул жерди комплекстүү карап, Коопсуздук кеңешинде бул маселени чечпесеңер болбойт. Азыр Энергохолдингдин орун басарларынын адистиктерин карап көргүлөчү. Мен 20 жылдан бери энергетика тармагын дотациядан чыкканын көрө элекмин", - деди Мадеминов.
Белгилей кетсек, Улуттук энергохолдингдин расмий сайтында берилген маалыматка ылайык, бул мекеменин төрагасынын үч орун басары энергетика тармагына тиешеси жок башка кесиптин ээлери. Орун басарлардын бири Бакыт Эсенбаева кесиби боюнча инженер-химик-технолог, кийин финансы жана кредит боюнча адистигин бүтүргөн. Дагы бир орун басары Эрали Козубаев айыл чарба жана жарандык курулуш кесибине ээ. Ал эми дагы бир орун басары Нурбек Токолдошев адистиги боюнча экономист.
Улуттук энергохолдингди кесиби боюнча инженер-электрик Айбек Калиев жетектейт. Ал эми анын биринчи орун басары кызматында кесиби боюнча инженер-электрик Нурлан Садыков иштейт.