Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-декабрда премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жолугушууда мамлекет башчы менен премьер-министр өкмөттүн программасынын негизги багыттарын жана 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиянын долбоорун иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, мыйзам чыгарууну жакшыртуу, калкты социалдык жактан камсыздоо, “Таза коом” улуттук долбоорду ишке киргизүү боюнча пикир алмашышты.