Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан Алтынбек Торутаев бошотулуп, анын ордуна Жеңиш Исаков дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден ырасташты.
Буга чейин Исаков
1995-1997-жылдары Аламүдүн РИИБинде экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча кызматкер;
1997-2008-жылдары УКМКда иштеген;
2008-2010-жылдары Каржы полициясында эмгектенген;
2010-2012-жылдары "Манас" аэропортунун бажысынын башчысы;
2012-2013-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын укук коргоо иштери боюнча башкармалыгынын башчысы;
2013-2014-жылдары Исаков Мамлекеттик бажы кызматынын орун басары;
2015-2016-жылдары Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу;
2016-2017-жылдары Кыргыз-Орусия өнүгүү фондунун кызматкери.
Жеңиш Исаков ИИМдин мурдагы башчысы Өмүрбек Суваналиевдин бир тууган иниси.