КҮНСЕРЕП: Мигранттардан Жээнбековго бир упай

Бүгүн, 18-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкек-Ош унаа жолунда ири жол кырсыгы катталды. 16-декабрда Токтогул аймагында Хундай Клик жана Хонда Степвагон үлгүсүндөгү автоунаалар сүзүшүп, эки унаадан 7 адам каза тапты. Дагы 3 адам ооруканада жатат. Каргашадан Токтогул райондук милициясынын майору аялы жана 2 баласы менен көз жумганы белгилүү болду.

Милициянын маалыматына караганда, түштүктү карай бараткан Хонда автоунаасы каршы тилкеге чыгып түндүктү карай өз жолу менен бараткан Хундай унаасын сүзгөн. Окуядан кийин Бишкек-Ош каттамында жүргүнчү ташыган таксисттерди күнөөлөө күчөдү. “Оӊ рулдуу автоунааларга жүргүнчү ташып иштөөгө тыюу салынбады беле, ал качан күчүнө кирет?”,- деп суроо салгандар болууда. Бирок маселе жалаң эле оң рулдуу автоунааларда эмес. Бул жол кырсыгы сыяктуу, каршы тилкеге чыгып кетип өз жолунда келе жаткан унаа менен сүзүшүү үчүн оң же сол рулдуу болобу, айырмасы болбошу мүмкүн. Башкы маселе жол эрежесин бузган айдоочудан пара алып, жазалабай коё берип үйрөткөн коррупциялуу системде.

Көйгөйдү чечүүнүн жолдору бар. Өкмөт өзүн жана коомчулукту жол эрежесин сактоого, адамдардын өмүрүн баалоого, мыйзамдарды сыйлоого көндүрүп, тарбиялоосу кажет. Өкмөт башчы айтып, “курам” деп белсенип турган “Таза коом” анын ичиндеги “Акылдуу шаар” ишке киргизилсе жолдордогу эле эмес, мамлекеттик кызматтар катышкан көп иштердеги коррупция азаяры анык. Жаш өкмөт башчыга мындай коомду түзүүгө коррупциялык иштердин башында тургандар жол береби, жокпу, ал дагы чоң маселе.

Депутаттар өлкөдө аба каттамдарынын баасын арзандатып, элди учак менен ташуу жолго салынмайынча жол кырсыктары азайбайт деген ишеничте. Өлкөдө ички каттамдарга авиабилеттин баасы 4 миӊ сомдун тегерегинде. 1500 сом төлөп, 12 сааттап жол жүрүүдөн тажаган, бул сумманы төлөп болсо деле аба каттамдарын колдонууну каалаган жүргүнчүлөр көп.

Расмий маалыматтар боюнча быйыл 11 айда өлкөдө 5 852 жол кырсыгы катталып, 820 адам каза болгон, булардын 94ү балдар. Жол кырсыктарынан 8 934 адам жаракат алса, булардын 2 миӊге жакыны өспүрүмдөр. Сапар Исаков ыӊгайлуулук үчүн эми жол кыймылын караган ар бир инспекторго планшет берилерин айткан эле. Буга чейин МАИ кызматкеринин көкүрөгүнө тагылган видеокамера жыйынтык бербеген сыӊары, планшет дагы өзгөрүү алып келбей турганын айткандар чыкты. Азырынча, көпчүлүк ишеним артып турган жаӊычылдык - "Коопсуз шаар" долбоору болууда. Айдоочу менен МАИ кызматкеринин түз байланышы жоюлса, пара берип жазадан кутулуп кеткен айдоочуларда жоопкерчилик күчөйт деген үмүт бар...

Өлкө жетекчиси Сооронбай Жээнбеков эл аралык мигрант күнүнө карата кайрылуу жасады.

Президент дүйнөдөгү миграция агымы Кыргызды кыйгап өтпөгөнүн, сыртта иштеген Кыргыз жарандары маӊдай тери менен үй-бүлөсүн багып, өлкө казынасына да салым кошуп жатканын айтат. Жаӊы иш орундарын түзүп, алдыдагы жылдары мигранттарды мекенине кайтарууга аракет жасаларын баса белгиледи. Буга чейин Акаев да, Бакиев да, Отунбаева да, Атамбаев да бул күнү мигранттарды атайы эстеп элге кайрылуу кыла элек болчу. Жээнбековдун маалыматтык саясатын уюштуруп жаткан командага, биринчи кезекте президенттин өзүнө бул кайрылуу коомчулук тарабынан упай алып келди.

Учурда чет өлкөлөрдө Кыргыздын 1 миллиондой жараны жашап, иштеп жүрөт. Алар жыл сайын өлкөгө 2 миллиард доллардын тегерегинде акча которуп, өздөрүнүн үй-бүлөсүн эле эмес, өлкөнү да багуучуга айланышты. Миграция кызматынын маалыматына таянсак, 2017-жылдын 9 айында эле мигранттар Кыргыз жерине 1 миллиард 840 миллион доллар которушту. Бул өткөн жылдын 9 айындагы суммага салыштырганда 25 пайызга көп. Айылдарды таза суу менен камсыздоо, жарыктандыруу, көпүрө салуу, жолдорду оӊдоо, спортзал куруу өӊдүү иштерге да мигранттар демөөрчүлүк кылып өкмөт көтөрүүсү керек болгон көп майда иштер билинбей бүтүп жатат. "ЕАЭБге кирүүгө мажбурбуз" деген үгүт иштери жүргүзүлгөндө негизги себеп катары мигранттардын абалы көрсөтүлгөн. Биримдикке кирүү менен Орусиядагы кыргыз мигранттардын статусу бир аз жакшырганы Кыргыз бийлигинин саналуу жетишкендиктеринин бири болду. Ошол эле маалда Кыргыз мигранттарынын абалы Орусия менен Казакстан өлкөбүзгө таасир этүү үчүн колдонулуучу рычагга айланды. Айтор, өлкөлөр ортосундагы мамиле бузулса биринчи сокку мигранттарга тиет. Президенттик шайлоонун алдында дээрлик бардык талапкерлер "өлкөдө жумуш орундарын түзөм, Кыргыз мигранттарын мекенине кайтарам" деп убада беришкен. Алардын ичинде Сооронбай Жээнбеков дагы бар. Мигранттар деле өлкөдөгү абалды көрүп, түшүнүп турушат. Андыктан өлкөнү багып жаткан мигранттар бир эле нерсени суранып келе жатышат. Кыргыздын элчиликтеринин эффективдүү, ыкчам иштөөсүн жана укуктук колдоо көрсөтүүнү...

Ак карлуу Кыргыз жерин, Бишкекти эми Болливуд тасмаларынан көрөбүз. Индиялык продюсер Рауль Миттра жетектеген Болливуддун кино жаратуучулары Бишкекте "Torbaaz" аталышында тасма тартууну баштады. Миттра социалдык түйүндөгү жеке баракчасына Бишкектин сулуулугун баса белгилеп билдирүү калтырган. Саналуу гана саатта дайыма жай өкүм сүргөн Индиядан кышка келип түшүү. Болливуддун кино жаратуучуларына Кыргыз жергеси арзан жана экзотикалык тартуу аянтча болуп берери талашсыз. Келип-кетүү маселе эмес, анткени бир жыл мурун Бишкек-Дели-Бишкек түз аба каттамы ачылган. Болливуд тасмалары Кыргыз жергесинде туристтик агымдын өсүшүнө таасир этиши мүмкүн...

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Сапар Исаковду кабыл алды. Экөө өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, калкты социалдык жактан камсыздоо, “Таза коом” долбоорун ишке киргизүү иштерин талкуулашты. Кызыгы, президенттик аппарат "президент премьерди кабыл алды" деп эмес, "президент менен премьер жолугушту" деп маалымат таратты. Жарыяланган сүрөттөрдө Жээнбеков өз кабинетинде Исаковду кабыл алганы көрүнүп турат. Буга чейин Жээнбеков өз кабинетинен УКМК төрагасын, башкы прокурорду жана башкаларды "кабыл алган". Ушундай эле жагдайда президенттин кабыл алуусунда болгон Исаков "жолугушту" деп маалымдалды. 2017-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирген Баш мыйзамдагы нормалар президенттик аппаратка таасир берген көрүнөт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан