SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ачууну кантип басасыңар?" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Бирөөгө жиним келип жатканда менден кичүүрөөк бирөө жанымда болсо, ал мага жакшы сүйлөп жатса деле кыйкырып салмай адатымды такыр таштай албай койдум".
"Ачуу келген убакта тик турган абалда болсоңуз отуруу, отурган болсоңуз жатуу жакшы жардам берет. Эгер ага болбосо жүзүңүздү, колуңузду жууганыңыз жакшы".
"Ачуум келгенде ачуум келген кишиге сүйлөбөй коём. "Айткыча сөз сенин кулуң, айткандан кийин сен сөздүн кулусуң" деген макалды эсимден чыгарбоого аракет жасайм. Ал эми такыр эле чектен чыгып кеткен киши болсо, бир сөз айтам, ошол жетиштүү болот".
"Ачуу келген убакта мээнин нормалдуу иштеши бузулат экен. Ошол себептен да бири-бирибизди укпай, бакырыша берет окшойбуз. Негизи көп жашайм деген адам ачууга алдырбашы керек, канчалык көп ачуулансак, организм да ошончолук картаят. Ачуубуз өтө келип турса да алгач өзүбүздү психологиялык жактан тарбиялап, тынчтандырып алууга үйрөнүшүбүз керек".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.