Бүгүн шаардык сотто Аида Салянованын иши каралат

Бүгүн, 19-декабрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Салянованын жактоочусу маалымдады.

Анын айтуусуна караганда соттук отурум бүгүн саат 9:30да уланат.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан