Бүгүн, 19-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу кабарлады.
Анын айтуусуна караганда, соттук отурум бүгүн саат 14:00дө уланат.
Айта кетсек, кечээ, 18-декабрда Шыкмаматов акыркы сөзүн айткан. Анда ал соттук отурумду саясий кадам деп эсептей тургандыгын, аны менен чогуу айыпталып жаткан Жусуп Иманалиев менен Али Юксел жөн эле саясий курмандык болуп жатканын айткан. Бүгүн аны менен кошо айыпталып жаткан Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев жана ишкер Али Юкселдин акыркы сөздөрүн айтуусу күтүлүүдө.
Эске салсак, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген. Мамлекеттик айыптоочу Шыкмаматовду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекеттин пайдасына конфискациялап сот залынан камакка алууну соттон сураган. Ал эми эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов ага коюлган айыптар негизсиз экенин айтып, ага козголгон кылмыш ишти "саясий кысым" катары баалап келет.