Өлкөдөгү бардык мектептер 5 күндүк окуу жумасына өтүшү мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору 18-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин отурумунда 2-окууда каралды.
«Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун автору депутат Дастан Бекешев бул норма менчик мектептерге да тиешелүү экенин айтты. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү депутаттар экинчи окууда карап жактырышты.