Кара-Көл шаарындагы дарыядан 70 жаш чамасындагы аялдын жансыз денеси табылды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы дарыядан бир аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 18-декабрь күнү саат 12:10до ӨКМнын №94-өрт-куткаруу бөлүмүнүн 4 куткаруучусу Кара-Суу дарыясынан болжол менен 70 жаш чамасындагы аялдын жансыз денесин алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда милиция ал аялдын эмне себептен каза болгонун жана анын ким экендигин тактоо иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан