Кыргыз өлкөсүндө балдардын өлүмү акыркы 5 жыл ичинде 3 эсе азайды. Мындай маалыматты бүгүн, 19-декабрда өткөн тегерек столдо саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.
Анын айтымында, мындай жыйынтык ЮНИСЕФтин Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгү менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин биргелешкен долбоорунун иштешинин негизинде келип чыккан. Аталган долбоор "Эне менен баланын ден соолугун чыңдоо менен тынчтыкка умтулуу" деп аталып 3 жылга созулган.
Долбоордун негизги максаты - алыскы аймактардагы саламаттыкты сактоо системин жакшыртуу менен балдардын жана энелердин ден соолугун чыңдоо болуп эсептелет.
"Эне менен баланын ден соолугун чыңдоо менен тынчтыкка умтулуу" долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргыз өлкөсүндө энелердин өлүмү 2014-2016-жылдар аралыгында 41 пайызга, балдардын өлүмү 19 пайызга азайган.
Мындан сырткары аймактык саламаттыкты сактоо бөлүмдөрүнүн жетекчилери медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу боюнча атайын окуулардан өтүшкөн.
"Статистика боюнча былтыркы жылга салыштырмалуу бул жылы жаш балдардын өлүмү 31 пайызга азайган. Бул, албетте, чоң көрсөткүч эмес, бирок министрлик күн сайын энелердин ден соолугун чыңдоо жана балдардын өлүмүн кыскартуу боюнча көптөгөн иш-чараларды жүргүзүп жатат", - деп билдирди Батыралиев.