"Биз "Мегакомду" сатабыз. Кантип сатабыз - бул башка маселе", - деп бүгүн, 19-декабрда маалымат жыйынында Мамлекеттик мүлк башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев айтты.
Анын айтымында, учурда эл аралык консалтинг компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. "Мегаком" мыйзам чегинде ачык жана таза сатылат", - деди Зилалиев.
Айта кетсек, "Мегакомдун" менчикке сатылары 2015-жылы чечилген. Эки жылдан бери компанияга инвестор табылбай, аукцион аркылуу сатуу үч аракетте да ишке ашкан жок. Аукциондон аукционго жылган сайын "Мегакомдун" баасы арзандаган. Алгач баштапкы баа 19 миллиард 700 миллион сом болсо, экинчи аракетте 14 миллиард 255 миллионго түшкөн. Үчүнчү жолкусунда 13 миллиард 500 миллион сом деп коюлган. Аукцион аркылуу сатуудан майнап чыкпагандыктан өкмөт "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларын түз сатуу чечимин кабыл алган.
Мамлекеттик мүлк башкаруу фонду "Мегаком” компаниясын сатып алам деген орусиялык ишкер Елена Нагорная менен сүйлөшүүлөрдү токтоткон. Мекемеден түшүндүрүшкөндөй, тараптар эки жакты тең канааттандырган шарттарга жете алышкан жок.
20-ноябрда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаев "Мегаком" компаниясынын баасын дагы түшүрүш керек" деген пикирин айткан. Анын ою боюнча "Мегакомдун" баасын дагы 20-30 пайызга түшүрүүгө болот. "Ким көп берсе, ошого сатыш керек. Акчаны "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга жумшаш керек" деген Атамбаев.