Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнө талапкерлер сунушталды

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнө талапкерлер сунушталды.

Парламенттеги коалиция көпчүлүгү мүчөлүккө үч талапкерди сунуштады. Алар: Тилектеш Бегалиев, Айбек Монолов, Назира Сопубекова.

Ал эми “Республика-Ата Журт” фракциясы Алтынбек Кубатбековдун, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Гүлжан Кошокованын, “Ата Мекен” фракциясы Алмаз Калбаевдин талапкерлигин көрсөттү.

Жыйында Сагынбек Борбашев “Ата Мекен” фракциясынан сунушталганын айтты. Комитеттин төрагасы Канат Керезбеков анын талапкерлигин көрсөтүүдө эреже бузуулар болгонун билдирди. “Сиз балаңыз жетектеген коммерциялык уюм тарабынан сунушталгансыз. Бирок талапкерлер коммерциялык уюмдан сунушталбайт”, - деди Керезбеков.

Соттор кеңешинен Шералы Камчыбеков, Элмира Барыктабасова жана Ирина Горшковскаянын талапкерлиги сунушталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан