КҮНСЕРЕП: Бийликтин чабуулу Бабановдун бизнесине жетти

Бүгүн, 19-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Премьер-министр Сапар Исаков журналист Элнура Алканованын кечирим сурашын талап кылууда. Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүдө "Идеал Хаус" VIP-шаарчасынын сатылышына Исаковдун катышы болушу мүмкүн" деген маалымат Башкы прокуратуранын иликтөөсүндө такталбаганы, андыктан аны расмий төгүндөө керектиги айтылат.

Эске салсак, буга чейин журналист Алканованын "Бишкектеги "Идеал Хаус" VIP-шаарчасынын сатылышы боюнча чырлуу бүтүмдүн артында ким турат? II бөлүк" деген журналисттик иликтөөсү жарыяланган. Анда бул шаарчаны аукциондо Сапар Исаковдун классташы баштапкы баадан 100 миллион сомго арзан сатып алганы, буга Исаковдун тийиштиги бар болушу мүмкүндүгү айтылат.

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына канатташ жайгашкан "Идеал Хаустагы" 48 VIP-коттедж быйыл сентябрда 142 миллион сомго сатылган. Баштапкы баа 240 миллион сом болсо, кийин 130 миллион сомго түшүрүлгөн. Башкы прокуратура аталган комплексти менчиктештирүүнүн баштапкы баасын бекитүүгө байланыштуу "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Териштирүү соӊунда жоопкерчилик Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунун жетекчилигинин моюнуна илиниши мүмкүн. 7-декабрда журналисттер менен жолугушууда Сапар Исаков журналист кыздын талкуу жараткан иликтөөсү боюнча прокуратура териштирип жатканын айткан эле. Башкы прокуратура кыска убакытта “Исаковдун жана анын жакын адамдарынын "Идеал Хаусту" менчиктештирүүгө тиешеси жок”, - деп бүтүм чыгарды. Башкы көзөмөл органы “шаарчаны сатып алган Темир Рыскулов менен Сапар Исаков эч качан бирге окубаганын, журналисттик иликтөөдөгү Исаковго тийиштүү башка жүйөлөр да тастыкталбаганын” жарыялады. Ушунун өзү Исаковду коомчулук алдында актоого жетиштүү.

Журналист кечирим сурабаса, өкмөт башчы аны сотко береби? Журналисттерди, эркин ММКларды жана эксперттерди миллиондогон суммада доого жыгуу менен сүйлөтпөй коюу салтын жаш, жаӊыча иштейт деген Исаков деле улантабы? Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин “мамлекет башындагы саясатчылар пилдикиндей калыӊ терилүү, сынга көтөрүмдүү болушу керек”, - деген кеби бар. Дегеле, коомдо массадан, бийликтен айырмаланган көз караштагы адамдардын, бийликке сын-пикирдин болушу пайдалуу. Кыргыз чиновниктери азырынча сындардан тийиштүү жыйынтык чыгарууга караганда, сот аркылуу басым көрсөтүүгө жакын. Бийлик такай макталып, кемчилигин сындоого жол берилбеген коомду "ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" деген жыйынтык күтөрү да анык. Демократиянын барк-баасын жакшы түшүнөт, жаңыча ойлонот деп көпчүлүк үмүт артып турган Сапар Исаковдо бийликтин сөз эркиндигине карата мамилесин өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк арбын...

Бажы кызматы аткезчиликке бөгөт коюу аракетин активдүү пиарлоого өттү. 18-декабрда Кытайдан Кыргыз жерине киргизилерде 15 тонна өрдөк эти колго түшүрүлдү деген маалымат таратылса, 19-декабрда Тажикстандан алынып келе жаткан 22 тонна мандарин кармалганы жарыяланды. Мындай жандануу акыркы күндөрү көп талкууга түшүп, Кыргыз-Казак кризисине да шылтоо болуп жаткан Бажы кызматы үчүн зарыл болчу.

Жакында "Раим миллион" деген атак алып, сындалып жүргөн Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райым Матраимов "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына дал келбегени үчүн" деп кызматтан бошотулган. Анын ордуна Нурлан Ражабалиев дайындалган эле. 11-декабрда премьер Сапар Исаков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулаймановду кызматтан алып, ордуна Кубанычбек Кулматовду дайындады. Исаков 2010-2013-жылдары Кулматов Бажыны жетектеп турганда органдын көрсөткүчтөрү 2,5 эсеге чейин өскөнүн айтып, Кулматовго ишеним артты. 18-декабрда Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басарлыгынан Алтынбек Торутаев бошотулуп, ордуна Жеӊиш Исаков дайындалды. Кадрдык өзгөрүүлөр орун алган учурда аткарылган ишти пиарлоо да күч алат. Бажы кызматы жайылтып жаткан бул эки күндүк иш аракет мындан ары да системдүү уланып, пиар үчүн эмес, кадимки милдет катары аткарылып баштайт деп үмүт этебиз...

Өмүрбек Бабановдун курган империясы миллиондордун көз алдында урап бара жатат. Бүгүн, Бишкекте Өмүрбек Бабановго таандык делген НТС телеканалына сот аткаруучулар келип, имаратты милиция кызматкерлери курчоого алганы белгилүү болду. Телеканалдын кызматкерлеринин айтымында “күтүүсүз” коноктор каналдын ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылышкан.
НТС кызматкерлеринен айырмаланып, Бишкек шаардык милициясынан окуяга жөн жай гана “милиция кызматкерлери ал жерге коомдук тартипти камсыздоо үчүн барышты”, - деген жооп узатылды. Каналдын ишин токтотууну сот аткаруучулар Бишкек шаардык райондор аралык сотунун чечиминин негизинде талап кылышканы айтылды. Маалыматтарга караганда телеканал экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кароолуна илинген. НТС телеканалынын үстүнөн арызданды делген "GREXTON CAPITAL LTD" компаниясынын өкүлү сот аткаруучулар каналдын мүлктөрүн гана тизмелөөгө келгенин, ал эфирге эч кандай тоскоол жаратпай турганын айтат. "Ал эми каналдын ишмердүүлүгүн токтоткон жатышат деген кеп НТСтин кызматкерлеринин чуу чыгаруу аракети", - дейт ал. Сот аткаруучулар бир нече саат мурда чыккан соттун чечимин аткарууга барышканы белгилүү болду. Мыйзамга ылайык, сот аткаруучулар саат таӊкы 6дан түнкү 10го чейин иш-аракет жүргүзүүгө тийиш. Эгер өндүрүп алынуучу мүлктү чыгымдап же жашырып коюу мүмкүн деген кооптонуу жаралса анда сот чечимин аткарууга саат түнкү 10дон таӊкы 6га чейин уруксат берилет. Ал эми Телеканалдын өкүлдөрү аталган сот процессинен кабардар эместиктерин, эч бири процесске катышпагандыгын, чечим тууралуу биринчи жолу угуп жатышкандыктарын айтышууда.
Өлкөдө болуп жаткан окуяларды пазл сыңары керектүү жерлерге тизип чыкканда кайсы иш боюнча соттун чечими болбосун, иштин төркүнү Бабановду саясый аренадан сүрүп чыгарууга барып такалары түшүнүктүү. Алгач ал Жогорку Кеңеште фракция лидерлигинен түшүрүлдү, кийинки кезек Бишкек шаардык кеңешине келип, Бабановдун фракциясы коалициядан “айдалып” оппозицияда жалгыз калды, көп өтпөй Бабановдун фракциясы Жогорку Кеңеште вице-спикерлик ордунан кол жууду. Ошентип жүрүп отуруп бүгүн Назарбаевдин “шестеркасынан” тазалануу операциясы НТСке келип жетти. Кезекте ири автобазар менен соода борборубу?..

Жогорку Кеӊештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов соттолду. Эл өкүлү коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 миллион сом айыпка жыгылды.
Депутат 2011-жылы аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын "Барат Люкс" ишканасына саткан. Кийин бул ишкана аталган унааны тендердин негизинде Эсептөө палатасына саткан. Жогорку Кеңештин депутаты “тендерден "Барат Люкстун" утуп чыгышына ал кезде Эсептөө палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов кызыкдар болгон. Автоунаа базар баасынан кымбат сатылып, мамлекетке 3500 доллар чыгым келтирилген" деп айыпталды.
Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов аталган унааны өзү эмес, айдоочусу сатканын, андыктан "Барат Люкс" жөнүндө өзүнө ачылган кылмыш ишине чейин укпаганын, ал эми Эсептөө палатасына автоунаа сатып алуу ишинде эч кандай мыйзам бузуу болбогонун айтып келет. Аталган тендер сентябрь айында жарыяланып, ушул эле айда Шыкмаматовдун аялынын унаасы "Барат Люкска" сатылып, Мерседес тендердин негизинде “Барат Люкстан” Эсептөө палатасына сатып алынган. Өкүм чыгаар алдында Шыкмаматов судьяны абийир сотунан коркууга чакырды.

Тарых кайталанма мүнөзгө ээ. Оппозиция лидерлеринин "үнүн өчүрүү" ар бийлик баш ооруткан көрүнүш. Акаевдин доору... 2000-жылы мартта Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеӊештин депутаттыгына шайланып, 1 айдан кийин сот чечими менен мандаттан айрылган. Оппозиционер Атамбаевдин мандатын тартып алууга "үй мүлкүн жана кирешеси жөнүндө маалыматты жашырды" деген шылтоо жетиштүү болгон. 2001-жылы 7 жылга, 2002-жылы 10 жылга эркинен ажыратылган оппозиционер Феликс Кулов март ыӊкылабынан кийин акталып чыкты. Бакиевдин доору... 2010-жылдын январында оппозиционер Исмаил Исаков 8 жылга эркинен ажыратылып Апрель революциясынан кийин эркиндикке чыгып, акталды. Атамбаевдин доору... Оппозициядагы Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров өӊдүү саясатчылар түрмөдөн жай алышты. Оппозициядагы Аида Салянованы камак 12 жылдан кийин күтүүдө. Ал эми оппозиционер Шыкмаматовду соттоо "энчиси" президент Сооронбай Жээнбековдун дооруна туш келди...

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан