Парламент комитети Орто-Токой суу сактагычын башкарууну Кыргыз тарапка өткөрүүгө багытталган мыйзам долбоорун жактырды

Парламенттин тийиштүү комитетинде Орто-Токой суу сактагычын башкарууну Кыргыз тарапка өткөрүүгө багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Ратификациялык мыйзам долбоору боюнча айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев баяндама жасады.

Анын айтымында, Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычын Өзбекстан менен бирге пайдалануу чаралары каралууда. “Тактап айтканда, суу сактагычты кайтаруу, иштетүү, башкаруу укугу толугу менен Кыргыз мамлекетине өтөт. Ал эми Өзбекстан суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алат. Келишим мөөнөтсүз мезгилге түзүлүүдө”, - деди министрдин орун басары.

Маалыматка ылайык, суу сактагычтагы суунун 92 пайызын Өзбекстан, калган 8 пайызын Кыргыз тарап пайдаланат.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды.

Белгилүү болгондой, буга чейин Орто-Токой суу сактагычы Өзбекстандын башкаруусунда болгон. Келишим күчүнө киргенден кийин суу сактагыч Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы суу чарба департаментине берилмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан