Мамлекеттин карамагындагы мүлктөрдүн баасы 86 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда өткөн маалымат жыйында мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Бакыт Мураталиев билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик мүлктү каттоонун 1-этабы жыйынтыкталды.
"Эми экинчи этапта мамлекеттик мүлктөрдү кайрадан баалоо жүргүзүлөт. Учурда биз бардык нормативдик документтерди иштеп чыгып мамлекеттик ишканаларга жөнөттүк. Экинчи этаптын жыйынтыгы 3-4 айдын ичинде чыгат. Биз мүлктөрдү кайрадан баалоону өткөргөндө анын баасы бир топ жогорулайт деген ишеничтебиз", - деди Мураталиев.
Баалоонун 1-этабында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 12 миң 279 имаратты 14,4 миллиард сомго баалаган. Мындан тышкары 15 миң 768 имараттардын курулуштары эсепке алынып алардын баасы 17,1 миллиард сомду түзгөн.
1 118 жер тилкеси 1 миллиард сомго бааланса, мамлекеттик 9 миң 90 унааны 3,2 миллиард сомго баалаган. Ошондой эле техника жана жабдуулар 16,4 миллиард сомго бааланган.