"Заноза.кг" сайтынын башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып жана экс-депутат Чолпон Жакупова экс-президент Алмазбек Атамбаевге 30 миллион сом компенсацияны бөлүп төлөө боюнча сотко кайрылышты.
Алар компенсацияны төлөөдөн баш тартпай турганын айтышып, ай сайын айлык маяналарынын 50 пайызын төлөп турууга даяр экенин айтышты. Прокурор мындай жол менен компенсацияны толук төлөө узакка созулуп кетерин айтып, арыздарды канааттандырбоону соттон суранды.
Жыйынтыгында сот журналисттердин жана экс-депутаттын 30 миллион сом компенсацияны бөлүп төлөө боюнча суранычын четке какты.
Мыйзамга ылайык, эгер айыпталуучулар белгиленген убакытта экс-президентке компенсацияны толук төлөп бербесе, аларга карата кылмыш иши козголуп 1 жылдан 2 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 30-июнунда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту биринчи иши боюнча башкы прокурордун арызын толук канааттандырып, "Заноза" сайтын, анын башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып жана экс-депутат Чолпон Жакупованы жалпысынан 12 миллион сом доого жыккан.
Ушул эле күнү дагы бир доо арыз каралып, анда соттун чечими менен “Заноза” сайты жана журналист Нарын Айып өз-өзүнчө 3 миллион сомдон төлөөгө милдеттендирилген.
3-июль күнү кезектеги доо арыз боюнча соттук отурум болуп өтүп, анда да Башкы прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, сайт 6 миллион сомго, Нарын Айып 3 миллион сомго доого жыгылган.
4-июль күнү “Ата Мекен” партиясынын адвокаттарына байланыштуу доо арыз боюнча “Заноза” 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Ошентип экс-президентке компенсанциянын көлөмү баш-аягы 30 миллион сомго жеткен.