Бүгүн, 19-декабрда парламент комитетинде Улуттук банктын төрагалыгына Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлиги каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, аталган маселе Экономикалык жана фискалдык комитетинде каралат.
Айта кетсек, Абдыгулов 2014-2017-жылга чейин Улуттук банктын төрагасы болуп иштеп келген. Быйылкы жылдын август айында биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган. Андан кийин 17-ноябрда биринчи вице-премьер-министрликтен бошотулган. 22-ноябрда Жогорку Кеңеш вице-премьер-министр кызматына Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлигин жактырган. 23-ноябрда тийиштүү буйрукка ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.
Буга чейин Улуттук банктын төрагасы болуп Кубанычбек Кулматов эмгектенген. Ал Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалганына байланыштуу аталган кызматтан бошотулган.