Жеке ишкерлер Бишкек шаарындагы Жибек жолунун жээгине жаңыдан салынган мечиттин жанындагы 17 сотых жер тилкесинин 80 пайызын муфтиятка 1 миллион долларга сатууну көздөп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда "Айкөл таза коом" бирикмесинин мүчөлөрү айтып чыгышты.
Бирикменин юристи Адыл Жекшеевдин айтымында, буга чейин 4 ишкер 17 сотых жердин 50 пайызын мечитти салган ишканага 355 миң долларга саткан.
"4 ишкер биригип бул жерге кафе салган. Бирок ага жакын жерге мечит салынып, мечитти курган тарап ишкерлерге тийиштүү болгон жердин 50 пайызын сатып алган. Тилекке каршы, ишкерлер документте жер тилкесинин 20 пайызын гана сатышканын көрсөтүшүптүр. Ишкерлер салган кафе мечиттин кире беришинде болгондуктан жер тилкесинин калган 80 пайызын да сатуу үчүн муфтияттан 1 миллион доллар сурап жатышат", - деди Жекшеев.