Аида Салянованын соту эртең уланмай болду

Бүгүн, 19-декабрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын иши каралды.

Анда айыпталуучунун эки күбөсү сурак берди. Алар 2010-жылы Алексей Елисеевге карата адвокаттык лицензияны узартпай койгонго негиз болбогонун айтышты. Кийинки отурумда дагы бир күбөсү сурак бермекчи.

Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө Салянованын адвокаты сотту 21-декабрга жылдырууну суранды. Соттук коллегиянын төрайымы Ирина Воронцова бул суранычты четке кагып, соттук отурумду эртең, 20-декабрга саат 9:30га дайындады.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Emir-2023
2017-12-19 16:46:36
А Салянова да жооп берсин бул дагы убагында канча адамга иш козгогон, иш козгогон кандай экенин билсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан