Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде Улуттук банктын төрагалыгына Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлиги каралды.
Жыйында Абдыгуловдун талапкерлиги президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан сунушталганы айтылды. Анын талапкерлиги менен президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Молдакун Абдылдаев тааныштырды.
КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев Абдыгуловдон эмнеге кайрадан Улуттук банктын төрагалыгына баратканын сурады.
Анда Абдыгулов мамлекеттик кызматкер экенин айтып, кайсы жакка сунуш түшсө ошол жакка бара турганын билдирди.
Жыйынтыгында депутаттар анын талапкерлигин жактырышты.
Айта кетсек, Абдыгулов 2014-2017-жылга чейин Улуттук банктын төрагасы болуп иштеп келген. Быйылкы жылдын август айында биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган. Андан кийин 17-ноябрда биринчи вице-премьер-министрликтен бошотулган. 22-ноябрда Жогорку Кеңеш вице-премьер-министр кызматына Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлигин жактырган. 23-ноябрда тийиштүү буйрукка ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.
Буга чейин Улуттук банктын төрагасы болуп Кубанычбек Кулматов эмгектенген. Ал Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалганына байланыштуу аталган кызматтан бошотулган.