Шыкмаматовдун соту. Айыпталуучуларга акыркы сөз берилди

Бүгүн, 19-декабрда Биринчи Май райондук сотунда депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Учурда айыпталуучулардын бири Али Юксел акыркы сөзүн сүйлөп жатат. Андан кийин Шыкмаматов менен Жусуп Иманалиевге сөз берилип, соттун өкүмү угузулат.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Шыкмаматовго коюлуп жаткан айыптар боюнча өзүнүн аргументтерин келтирип, Шыкмаматовду 8 жылга, калган эки айыпталуучуну 9 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекеттин пайдасына конфискациялап сот залынан камакка алууну соттон сураган. Ал эми эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов ага коюлган айыптар негизсиз экенин айтып, ага козголгон кылмыш ишти "саясий кысым" катары баалап келет.

Эске салсак, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aidar575
2017-12-19 15:10:31
Урматтуу сот абийир алдында кудай алдында ак болунузчу, акталсын соттолуучулар!
+1
Ermekbai
2017-12-19 15:36:42
Шыкматовду текеге каршы турсаң актайбыз болбосо Текенин жанына барасың деп коркутуп жатса керек
+1
Adiletia
2017-12-19 15:44:56
Азыркы соттор ак боло албайт. Анткени алардын үстүндө өтө начар кара ниет, кыргыз эл душманы турат, тозоко сураксыз кетүүчү адам турат, өмүр бою тозокто калуучу адам турат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан