Бүгүн, 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунун башкы катчысы Юрий Хачатуровду кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Юрий Хачатуровду Сооронбай Жээнбеков уюмдун 2018-жылга карата пландары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунун ишмердигинин негизги багыттары боюнча пикир алмашуу болду. Жээнбеков Минск шаарында 30-ноябрда уюмдун жамааттык коопсуздук кеңешинин мааракелик сессиясынын жыйынтыктарын канааттануу менен белгиледи. “Менин алгачкы жумушчу сапарым Москва шаарына, андан кийин уюмдун мааракелик сессиясы өткөн Минск шаарына болду. Мен уюмга мүчө мамлекеттердин бардык башчылары менен жолугуп, кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулаганыма кубанычта болдум. Бул сапар абдан пайдалуу болду”, - деди Жээнбеков.
Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасы аймактагы коопсуздуктун кепилдиги катары Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунун алкагында кызматташууга өзгөчө маани берет.