Өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун киргизди. 2018-жылдын 1-январында күчүнө кире турган аталган мыйзамдын бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү “балага сүйүнчү” төлөөгө тийиштүү жобосун кошпогондо, ишке кирүү мөөнөтүн үч айга артка жылдыруу сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча, 3-16 жашка чейинки үч же андан ашуун балдары бар үй-бүлөлөр ай сайын жөлөк пул алат.
Маалыматка ылайык, мыйзамдын аткарылышын үч айга жылдырууда өкмөткө кошумча маалыматтарды өткөрүүгө жана мыйзамдын демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттарынын, ошондой эле жарандык коом өкүлдөрүнүн катышуусунда мамлекеттик жөлөк пулдарды камсыздоо тутумунун даректүүлүгүн өркүндөтүү максатында жумушчу топту түзүүнү демилгелөөгө мүмкүндүк берет.
“Өкмөт мамлекеттик жөлөк пулдардын максаты аз камсыз болгон жарандарды колдоодо экендигин белгилөө маанилүү деп билет. Аталган факторду эске алуу менен мамлекеттик колдоону башкаруу жаатындагы чечимдерди кабыл алууда жөлөк пулдардын даректүүлүгү маанилүү роль ойнойт”, - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Нарын шаарынын тургундары жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамына киргизилген өзгөртүүгө нааразычылыгын билдирген.
Айта кетсек, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзам долбооруна ылайык, жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул берилери жазылган. Ал эми 3 жашка чейинкилерге ай сайын 700 сомдон, үчүнчү баладан баштап 3-16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом бериле турганы камтылган. 21-июнда аталган мыйзам 3-окууда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Ал эми ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев 1-августта мыйзамга кол койгон. Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек.