Орустардын Биринчи каналы 10 жылдан бери биринчи жолу 31-декабрь күнү көрсөтүп келген "Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен" тасмасын көрсөтпөйт. Муну социалдык тармактын колдонуучусу Арина Бородина көрсөтүүлөрдүн программасын карап отуруп байкап, өзүнүн баракчасына жазып чыккан.
Андан соң журналисттер бул маалыматты тастыктоо үчүн телеканалдын пресс-катчысы Лариса Крымовага байланышка чыгышкан.
"Эмне үчүн бул тасма быйыл эфирден кетпей турганынын себебин билбейм. Менин оюмча фильмди көрсөтүү укугунун келишими соңуна чыкса керек", - деген ал.
Белгилей кетсек, Биринчи канал "Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен" тасмасын 2007-жылдан тарта 31-декабрь күнү ар кайсы убакытта көрсөтүп турган. Быйыл бул фильм 31-декабрда "Россия-1" телеканалынан көрсөтүлөт.