Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Өзбекстанга иш сапары менен барат

20-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы расмий иш сапары менен Ташкент шаарына барат. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган иш сапардын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев, парламент төрагасы Нигматилла Юлдашев менен жолугушуулар пландалган.

Андан тышкары делегация “Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан” аталышындагы туруктуу экспозицияга барып, Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүлчамбарларды коюу иш-чарасына да катышат.

Эске салсак, аталган иш сапар Юлдашевдин чакыруусу боюнча уюштурулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан