НТС телеканалынын мүлкүн камакка алуу боюнча арыз берген ишкананын өкүлү мүлктү эсептеп, өткөрүп алуу процесси жүрүп жатканын айтты

Бүгүн, 19-декабрь күнү саат 17:00 чамасында сот аткаруучулар НТС телеканалынын имаратына милиция кызматкерлеринин коштоосунда кирип барышкан. Аталган каналдын мүлкүн камакка алуу боюнча арыз берген ишкананын аты-жөнүн атагысы келбеген өкүлү "мен бул жерге соттун аныктамасынын негизинде сот аткаруучулар менен бирге келдим. Учурда мүлктү эсептеп, өткөрүп алуу процесси жүрүп жатат. Сот аткаруучулар өздөрүнүн жумуштарын кылышат. Бүт мүлктү каттап чыгышат. Бул каналдын ишине эч кандай тоскоолдук кылбайт" деди.

НТС телеканалынын башкы редактору Миржан Балыбаевдин айтымында, "Grexton Capital LTD" компаниясы "Аянт" аталышындагы ишкананы сотко берген. Ал эми "Аянт" ишканасы болсо 6-7 жыл мурда жоюлуп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
muslim87
2017-12-19 23:37:54
Эмне НТС телеканалы талаада жаткан таштандыбы ээси жок? Эч бир себеби жок эле үстүнөн арыз жазып тартып алуу процесси жүрүп жатат дегени эмнеси? Урматтуу соттор мен да бир чоңураак ишкананын үстүнөн арыз жазайын магада ошол ишкананы тартып алып бергилечи.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан