Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү

Бүгүн, 19-декабрда бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга спикер Дастан Жумабеков төрагалык кылды. Жыйындын күн тартибине “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы тууралуу маселе коюлган. Андан тышкары жөнгө салуу саясатын аныктоодогу кырдаалдар жана бул жааттагы реформалардын натыйжалуулугун арттыруу менен баалоодо легитимдүү жабдууларды колдонуу көйгөйлөрү талкууга алынды.

Отурумдун жүрүшүндө Дастан Жумабеков бизнестин жана ишкерчиликти колдоого алуу аркылуу алгылыктуу натыйжаларга ээ болууга болорун белгиледи. “Мыйзам бир орунда тура бербейт. Замандын талабына жараша буга чейин түзүлгөн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип, пайдалуу сунуштарга басым жасоо зарыл”, - деди.

Белгилей кетсек, аталган кеңештин жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү министрликтер менен мекемелердин жетекчилери жана ошондой эле бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан