Бишкекте "Манас" эпосунун CD жана DVD дисктеринин бет ачары болду

Бүгүн, 19-декабрда Бишкек шаарында Камиля Мамадалиеванын айтуусу боюнча, “Манас" эпосунун CD жана DVD дисктеринин бет ачары болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова катышты.

Вице-премьер-министр "Манас" эпосу Кыргыз өлкөсүн дүйнөлүк коомчулукка тааныткандыгын белгиледи. Ал "Манас" эпосунун үчилтиги дүйнөлүк маданияттын бермети экенин айтты.

"Кыргыз элинин жана бүтүндөй өлкөнүн интеллектуалдык мурасы болуп саналган "Манас" эпосу боюнча мыйзам 2011-жылы кабыл алынган. Ошондой эле "Манас" эпосу боюнча мыйзамда бир катар иш-чараларды өткөрүү чечими кабыл алынган. Алсак, манасчылардын чыгармачылыгын, аткаруу чеберчилигин өнүктүрүү жана аларды мамлекеттик колдоо багытында так тапшырмалар белгиленген", - деди Чолпон Султанбекова.

Иш-чарада манасчылар вице-премьер-министр Чолпон Султанбековага “Манасчы” наамын мыйзам аркылуу бекитип берүү суранычы менен кайрылышты. Манасчылар билдиргендей, азыр Кыргыз өлкөсүндө мындай наам жок жана "Манас" айткандарга “артист” деген наам берилип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан