ЖЫЛНААМА, 20-ДЕКАБРЬ: 68 жыл мурун ырчы, күүчү, обончу Атай Огонбаев каза болгон

Мындан 68 жыл мурун, тактап айтканда, 1949-жылдын 20-декабрь күнү ырчы, комузчу, күүчү, обончу Атай Огонбаев каза болгон.

Атай Огонбаев 1900-жылы Талас районундагы Көк-Кашат айылында туулган. Жети жашында комуз черте баштап, 13-14 жашында элдик ырлар менен күүлөрдү аткаруучу катары эл ичинде таанылып калган. 1920-жылдары алгачкы обон-күүлөрүн чыгарып, атагы чыккан өнөрпоз катары Талас өрөөнүнө таанылган. 1926-жылы улуу ырчы Токтогул менен жолугушуп, ырчылык жана комузчулук таалимин алган. 1935-жылы Кыргыз мамлекеттик театрына кирип, кийин филармония уюшулуп, ага солист болуп которулган. Комузчулар ансамблин уюштурган. Артисттер болуп эл кыдырып концерт-оюн көрсөтүшкөн.

Анын "Күйдүм чок", "Эсимде", "Гүл", "Ой булбул", "Жаштар" жана башка ырлары угуучуларга кеңири маалым. Атай Огонбаевге Кыргыз Республикасынын Эл артисти деген наам берилип, Эмгек Кызыл Туу, “Ардак Белгиси” ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Ырчы, комузчу, күүчү, обончу Атай Огонбаев 49 жаш курагында катуу оорудан Таласта каза болгон.
20-декабрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан