Жогорку Кеңештин спикеринин учагы Ташкентке коно албай, Самарканддагы аэропортко конууга аргасыз болду

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков бүгүн, 20-декабрда расмий иш сапары менен Ташкент шаарына учуп кеткен. Бирок аталган шаарда туман калың түшкөндүгүнө байланыштуу учак аэропортко коно албай калганын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу социалдык түйүндөгү өздүк баракчасына жазды. Анын билдиришинче, учак Самарканддагы аэропортко конууга аргасыз болду.

"Ташкентте калың туман. Төрага Дастан Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Самаркандга кондук. Жергиликтүү бийлик Ташкентте салтанаттуу программа менен тосуп алмак. Конууга аябай аракет кылдык, бирок болбой калды", - деп жазды Нуракун уулу.

Маалыматка ылайык, аталган иш сапардын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев, парламент төрагасы Нигматилла Юлдашев менен жолугушуулар пландалган.

Андан тышкары делегация “Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан” аталышындагы туруктуу экспозицияга барып, Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүлчамбарларды коюу иш-чарасына да катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
jugorsk
2017-12-20 11:51:11
Президент барып келди буларга ХХХХ барбы
+17
baatyrbek083
2017-12-20 11:53:55
Булар президентен ашкан тамак ашты жеп келишет.
+25
Nazar76
2017-12-20 12:03:18
Булар эмнеге Өзбекстанга эле каттап калышкан силерге бышырып койупу ал жакта
+29
Ermekbai
2017-12-20 12:04:44
Жакшы аман эсен конуп алышыптыр.
+2
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-20 12:14:14
Ошодон нары келбей эле кой туманда адашып журо бер
+31
Iridiym95
2017-12-20 12:21:51
Дагы кайсы жерди сатканы бардың?
+29
Nurbollot
2017-12-20 12:32:25
Өзбек менен дос болсон канжарыны ала жүр деп айтып кеткен этият болгула алдап койбосун
+21
Aznazalai
2017-12-20 13:07:45
Спикер болуп турганда бир тайрандайын деген экен да.тан калам ушул биздин чондор айылчылатып эле койсо
+14
Tyty1990
2017-12-20 13:11:35
Секирбейт беленер. Ватан,ватан учун кетти котан деп.
+16
Aikoo2014
2017-12-20 13:49:08
А бу ат тезегин кургатпай эле каттап калышты. Кыргызстан- Озбекстан, Озбекстан -Кыргызстан болуп эле калышты бир соз баар. Бир нерсени сатканы олтурат буларын. Кочодогу кыздардан айырманар калбай баратат, сатып эле жатасынар сатып эле жатасынар. Кудай ынсап берсин!
+11
Kyrgyz06
2017-12-20 14:01:49
Абайлагыла ВВП ны таарынтып албагыла ат тезегин кургатпай барып эле жатасынар.
+5
chikeusenov
2017-12-20 14:03:41
президент барып колдон пансионаты сатып келди эле эми куйоуктары колтугунун жунун сатканы чыгар
+5
Azatbek83
2017-12-20 14:39:18
Ошол туманда коно албай ошодон нары жоголуп эле кетпепсинер!Чыгаша кылып дагы бир жерди сатайын деп бардынарбы ?!Ал коншулардан этият болуш керек жакшы суйлоп койсо бизди жакшы корот экен дебей.Алардын бир ойу бар алдап кетет Кыргызстанга озбек мектеп универлерин куруп алышат.Бир сатпаганынар Ош эле калды акмактар бийлигинер менен президент пример 120 бекерчинер жакында тумандан адашып жок болуп кетсенерда ыраазыбыз!
+5
Paprikafm
2017-12-20 18:37:30
Комент окуп эле ичим эзилди азаматсынар
+5
birimdik.
2017-12-20 20:31:24
Ушундан Коро Россия мн мамилени ондосонор болмок узбекистон бизге Бир тыйында пайдасы жок
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан