Ошто унаа башкарып бараткан 13 жаштагы өспүрүм коңшусунун 2 жашар кызын тебелеп алып, ал каза болуп калды

19-декабрда Ошто 13 жаштагы өспүрүм унаасы менен коңшусунун 2 жашка толо элек кызын тебелетип алды. Алган жаракатынан улам кыз 20-декабрда ооруканада каза болуп калганын SUPER.KG'ге Ош ОИИБинин басма сөз кызматкери Жанна Сатарбаева кабарлады.

"Кырсык Араван районундагы Маңгыт айылында 19-декабрь күнү саат 14:00дө болгон. Анда 2004-жылы туулган бала атасынын Опель Вектра үлгүсүндөгү унаасын үйүнүн короосунан сыртка чыгарууга аракет кылып жатканда байкабастан коңшусунун 1,5 жаштан өткөн кызын тебелетип алган. Кыз алган жаракатынан улам оор абалда райондук ооруканага жеткирилген. Бирок бүгүн эртең менен кыз каза болуп калды.

Унаа айып аянтчасына токтотулуп, өспүрүм бала окуя боюнча көрсөтмө берип жатат", - деди Сатарбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Danul
2017-12-20 12:15:06
Ииий байкуш кыз. Жаш балага неге айдатат машинаны(((
+14
Dalil
2017-12-20 12:15:24
Кырсык каш кабактын ортосунда. Эки баланын тең ата-энеси көзөмөл кылса болмок. Эмнеси болсо да жакшы иш болбоптур жакындарына сабыр тилеймин. Сыртка чыгарып жатканда капысынан келип калса керек да.
+20
toma95
2017-12-20 12:36:15
Жакындарына жаратканым сабыр берсин!Азыр ата энелер деле кызыктай болуп калды койрондонуп кичинекей балага неге айдатат машинаны.Кудай буйруса чонойгондо деле жетишет айдаганга.Кудай сактансан сактайм дейт.Баарыбызга кудай ыйман ынсап сабыр берсин.Балдарыбыздын омуру узун болсун.
+15
engel
2017-12-20 13:32:19
Жаш балдарга бербей эле койбойбу машинаны. Байкуш наристе ай бироонун бополоп багып жаткан баласын бир эле тебелеп жок кылып койду!
+7
ermek87kg
2017-12-20 13:50:57
Кичинекей баланын Ата энесмне сабыр берсин жараткан.
+5
Mamat
2017-12-20 14:56:15

Ошто эмес ош областына караштуу деп жазсанар мисалы оштон 200 км узакта болгон окуюны дел ошто деп жазып коёсунар
+7
Gulnur1980
2017-12-20 20:42:02
Mamat,мынча майдаланасын ыя?! Сен озу толук окудунбу эмне деп жазылганын? Ата энесине сабр тилейм.
+1
aiturgasha
2017-12-20 16:10:52
Кудай сактасын мындай суук кабардан. Мен баламды воротадан сырткарыга чыгаргым келбейт. Кичинекейдин ата энесине сабыр!
+3
Kirajsjk
2017-12-20 17:48:23
Ai baikush nariste,jurok oorulu bolup butmoi boldukko,kachan jakshi kabar ugabiz.2018 jalan jakshi kabar menen koshtolso eken.ata eneler baldarinarga jakshilap konul burgulachi.Telefon bashka ishter kalsa kalsin.
0
sabyr86
2017-12-20 20:07:41
Ак ордо конушунда да бир киши бар,машинасын баласына берип койот 12,же 13 жашта баласы анысы безилдептип айдайт журок тушот.бала чаканы тебелеп кетсе жаман да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан