Кыргыз мамлекети Крым боюнча БУУнун резолюциясына каршы добуш берди

БУУнун Башкы ассамблеясы 19-декабрда "Крым автономиялык республикасында жана Севастополь шаарында адам укуктарынын абалы, Украина" резолюциясын кабыл алган. Ага 70 өлкө “макул”, 26 мамлекет “каршы” деп добуш беришти. Ал эми 76 өлкө добуш берген жок. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда БУУнун жаңылык борбору билдирди.

Каршы болгон мамлекеттер: Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Армения, Беларусь, Боливия, Индия, Кытай, Түндүк Корея, Куба, Мьянма, Сирия , Сербия, Тажикстан, Зимбабве, Венесуэла, Түштүк Африка Республикасы жана башкалар.

Документте Крымда адам укуктары тебеленип жатканы жүйө келтирилип, Орусия айыпталат.

Эскерте кетсек, 2014-жылы Референдум өтүп, жыйынтыгында Крым Орусиянын курамына кирген. Украина бийлиги Орусияны агрессор атап, Крымды тартып алганын, Донбасстагы согушчандарды курал жактан колдоп, аймакка аскер күчтөрүн жөнөтүп жатканын айтып айыптап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
isabek1977
2017-12-20 15:30:22
Кыргызстан туура чечим кабыл алган.
-1
jbolotov
2017-12-20 16:39:37
Кыргызстан оз саясаты жок Путиндин айтканынан чыгалбаган президент башкарып атканын билдириптирда. Чынында Крымды Россия Украинадан тартып алганы чын, Россия ушул темп менен кетеберсе бир куну ССР болобуз, конбосонор коросунор коргулукту деп айтат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан