"Кыргыз менен Орусиянын ортосунда кош жарандуулукту киргизишибиз керек", - деп бүгүн, 20-декабрда маалымат жыйында саясатчы Адахан Мадумаров билдирди.
Ал билдиргендей, президенттик шайлоодон кийин “Мен макул эмесмин” деген аталыштагы кыймыл түзүлгөн.
"Орусиянын жарандыгын алган кыргыздардын саны жарым миллионго жетти. Биз өзүбүздүн жарандарыбызды жоготуп жатканыбыз үчүн өкүнөм. Кыргыз менен Орусиянын ортосунда кош жарандуулук боло турган болсо биз гана утабыз. Орусиянын жарандыгын алган Кыргыз жерине келгенден кийин эмне болот? Паспортто Кыргыз деген улутту жоготуп койдук. Кош жарандуулукту киргизишибиз зарыл. Бул экономикалык маселеге караганда дагы орчундуу. Өкмөт менен парламенттин бул жөнүндө ойлогонго мүмкүнчүлүгү жок. Ошондой эле биз референдум өткөрүп, президенттик башкарууга өтүшүбүз керек", - деди Мадумаров.