БШКнын төрайымынын орун басарлыгына ким келери белгилүү болду

Бүгүн, 20-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтөт. Анда БШКнын төрайымынын орун басарын шайлоо өтөт. Буга чейин Атыр Абдрахматова ("Республика-Ата Журт") бул кызматтан бошотулган.

Бүгүнкү жыйында орун басарлыкка Акылбек Эшимовдун ("Кыргызстан") талапкерлиги каралмакчы.

Акылбек Эшимов 1976-жылдын 9-апрелинде Ош облусунун Кара-Суу районунун Жар-Ооз айылында туулган.

Билими жогорку. 2003-жылы Ош шаарындагы Ош Технологиялык университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

2003-2006-жылдары Ош облустук типографиясынын даяр продукцияны сатуунун менеджери,

2011-2015-жылдары Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, парламенттеги Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жана Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kechirmeni
2017-12-20 14:49:16
алга!!!
-1
Kyrgyz06
2017-12-20 16:53:11
Алга ака укалар сизлардын зоманинар келди так держать до конца молодцы.мен ## оштон болом дейт экенбиз да Эми тамаша конулго албагыла.
+1
kechirmeni
2017-12-20 17:03:53
ош пош, тундук туштук деп болунбойлу туугандар! Болунуп атып Корея экиге болунуп кетип душман болуп отурушат.
0
Nazar76
2017-12-20 18:28:22
Ким келседа бийликтин камчысын чапкан бирөө келетта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан