Жогорку Кеңештин 20-декабрдагы жалпы жыйыны өтпөй турган болду.
Эртең менен вице-спикер Асел Кодуранова (КСДП) техникалык себептерден улам деп жыйынды саат 14:00гө жылдырган эле. Түшкө чейин адистер бул техникалык себептерди жөнгө салууга үлгүрбөй калганы айтылып, эртеңки жыйынга даяр боло турганын убадалашты.
Жыйынтыгында жыйын эртеңкиге жылдырылды.