Бүгүн, 20-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Токон Мамытовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Токон Мамытов мамлекет башчысына кыргыз элинин биримдигин бекемдөө маселесинде ассамблеянын ишмердиги тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу маселеси, анын жоболорун ишке ашыруунун жыйынтыктары талкууланды. Ассамблеянын ишмердигинин мындан аркы негизги багыттары жана уюмдун алдында турган узак мөөнөттүү милдеттер белгиленди.
Сооронбай Жээнбеков ассамблеянын азыркы учурдагы негизги милдетин элдин улуттар аралык ынтымагын жана биримдигин бекемдөөгө, маданий жана этникалык көп түрдүүлүктү сактоого жардам берүү керектигин эскертти.
“Ассамблеянын негизги милдети элдин биримдигин, достугун жана ынтымакташтыгын сактоого көмөктөшүү болуп саналат. Ассамблея бул маселелерди биргелешип чечүү үчүн аянтча болууга тийиш”, - деди президент.
Мамлекет башчысы ассамблеянын этникалык коомчулуктардын мамлекеттик тилди үйрөнүү программаларына кошуу аракетин колдоду. Мындан ары дагы мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен натыйжалуу кызматташуу зарылдыгын белгиледи.