БШКнын төрайымынын орун басары болуп Акылбек Эшимов шайланды

Бүгүн, 20-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өттү. Анда БШКнын төрайымынын орун басарлыгына Акылбек Эшимов шайланды.

Буга чейин Атыр Абдрахматова ("Республика-Ата Журт") бул кызматтан бошотулган.

Акылбек Эшимов 1976-жылдын 9-апрелинде Ош облусунун Кара-Суу районунун Жар-Ооз айылында туулган.

Билими жогорку. 2003-жылы Ош шаарындагы Ош Технологиялык университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

2003-2006-жылдары Ош облустук типографиясынын даяр продукцияны сатуунун менеджери,

2011-2015-жылдары Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, парламенттеги Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жана Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurda00
2017-12-20 19:15:21
Торайымы эркек болсо, торагасы аял болобу? Или менде бир деме кетип калганбы? Же торайымы торагасы айырма жокбу??
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан