Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Сагынбаев 1974-жылы Токмок шаарында туулган. Ал 1995-жылы ИИМдин Бишкек жогорку мектебинин юрист-укук таануу боюнча адистигин аяктаган.
Эмгек жолу:
1995-1996-жылдары Токмок шаарынын ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү;
1996-1999-жылдары Орусия ИИМинин башкаруу академиясын адъюнкту;
1999-2002-жылдары ИИМ академиясынын доценти;
2002-2004-жылдары ИИМдин илимий-изилдөө борборунун башчысынын орун басары;
2004-2009-жылдары президенттик аппараттын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн эксперти;
2009-2010-жылдары коргоо жана коопсуздук маселеси боюнча президенттин мамлекеттик кеңешчисинин кызматынын инспектору;
2010-жылы убактылуу өкмөттүн коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн инспектору;
2010-2013-жылдары өкмөттүн алдындагы Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
2013-2014-жылдары өкмөттүк аппараттын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;
2014-жылдан баштап өкмөттүк аппараттын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенип келген.