Бишкектин четиндеги Степное айылындагы №2-аялдар абагында санитардык-медициналык жаңы бөлүм ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Берилген маалыматка караганда, "Кызыл Ай" эл аралык уюму тарабынан ачылган медициналык бөлүмдө абактагы аялдар дарыланууга мүмкүнчүлүк алышты. Бөлүм эки бөлүктөн турат: биринде ар кандай жугуштуу эмес оорудан жабыркагандар дарыланса, экинчи бөлүгү кургак учук оорусу менен ооругандарга ылайыкталган. Ар бир бөлмө тиешелүү жабдыктар жана каражаттар менен камсыздалган.
"Жаңы имаратты курууга жана жабдууларды алууга "Кызыл Ай" эл аралык коомунун Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгү көмөк көрсөттү. Мыкты жабдуулар менен камсыз болгон имаратта абактагыларга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты жогорулайт", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, №2-аялдар колониясында 300гө жакын аял жаза мөөнөтүн өтөөдө.