“Таза коомдун” негизинде өкмөт мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондук тартипке өткөрүүдө

Бүгүн, 20-декабрда Өкмөт үйүндө премьер-министр Сапар Исаковдун төрагалыгынын алдында “Таза коом” долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңештин жыйыны өттү.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов “Таза коом” долбоорунун негизинде өлкө аймагында 453 маалыматтык бурчтар орнотулганын айтты. Анын айтуусу боюнча учурда айыл аймактарында ишке киргизилген маалыматтык бурчтарды пайдалануу боюнча элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

“Республика боюнча мамлекеттик кызматтар камтылган жалпы 453 маалыматтык бурч орнотулду. 10-октябрдан тартып маалымат бурчтарында электрондук кызмат көрсөтүлүүдө. Ага ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматынын линиясы аркылуу 2 миллион 350 миң сомго 46 150 кызмат көрсөтүлдү. Учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн электрондук порталы иштеп баштады. Анда 19 кызмат көрсөтүлүүдө”, - деди Абасканов.

Өкмөт башчы Сапар Исаков электрондук портал элге жеткиликтүү болушу үчүн телефон аркылуу пайдалануунун жол жоболорун иштеп чыгуу үчүн тийиштүү мамлекеттик кызматтарга тапшырма берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан