Жалал-Абад облусунда 2 адам ууланып ооруканага жаткырылды

Жалал-Абад облусунда ботулизм оорусу катталып 2 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгилүү болгондой, Базар-Коргон районунун Таш-Булак айылынын 2 тургуну тамактан уулангандыгы аныкталып, алар 19-декабрда райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Азыркы учурда бейтаптар ботулизм оорусуна каршы дарыланууда.

Ошондой эле ооруканага жаткырылган 2 адамдан башка үй-бүлөдө дагы 5 адам бар экендиги жана алар эмне азык жешкени текшерүүдөн өтүп абалдары жакшы деп табылгандыгы маалымданды.

Маалымат үчүн: Ботулизм – ботулизм таякчасы бөлүп чыгарган уудан (токсин) пайда болуучу, капысынан башталып катуу кармаган оору. Өз убагында медициналык жардамга кайрылбаса, оорулууну шал болууга жана өлүмгө алып келүүчү коркунучтуу илдет. Ботулизм таякчасы топуракта жашап, андан сууга, мөмө-жемиштерге, тамак-аш азыктарына, тоюттарга түшүп, алар менен киши жана жаныбарлардын ичегисине кирет. Ал жерде көбөйөт да, заӊ менен кайра чыгат.
Киши ботулизм таякчалары же токсиндери менен булганган тамак-ашты жегенден, көбүнчө сүрсүгөн эт, туздалган балык, үй шартында гигиеналык талаптар сакталбай жасалган консерваланган жашылчалардан ууланат. Уу ичегиге тез сиӊет. Андан кан менен бүт денеге тарап, түрдүү органдарды, өзгөчө нерв системин жабыркатат. Ботулизм таякчасы сырткы чөйрөнүн шартына туруктуу келет. Кайнатууда өлбөйт, кычкылтексиз чөйрөдө гана өсүп, көбөйөт жана уу бөлүп чыгарат. Оорунун жашыруун (инкубациялык) мезгили 2 сааттан 10 күнгө чейин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан