Чүйдө 11 күндөн бери дайынсыз болгон 19 жашар кыз изделүүдө

10-декабрда Сокулук районундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек 19 жаштагы Тахмина Осмонова аттуу кыз изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Анын белгилери: бою 165-167 сантиметр, дене түзүлүшү арык чырай, чачы ийинине чейин узундукта жана өңү күрөң, кой көз. Сокур ичегисин алдырууда жасалган операциядан калган тагы жана курсагында тери оорусунан калган ала так бар. Ошол күнү тизесине чейин келген кочкул көк түстөгү куртка, бутунда же кара түстөгү, же күрөң түстөгү бут кийим кийип жүргөн", - делет маалыматта.

Тахмина Осмонова тууралуу билгендер же аны көргөндөр болсо, Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмүнө 0 (312) 43-01-27; Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 0 (312) 43-88-85; же болбосо 0 (312) 60-75-67, 0704 01-23-76, 0707 43-41-70 номерлери аркылуу издөө тобуна билдирип коюуну милиция өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jeka1996vip
2017-12-21 08:12:44
Же суроту жок кимден кантип тааныйлы?куйого кетти да оозума май.
+7
Nibiru.
2017-12-21 13:04:31
Он тогуз жашар деп тимеле ))) Он тогуз жаш деп эле айтылат. Килейген эле кыз экен да.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан